Каз пияз
Каз пияз (лат. Gagea) – лилия гүлдүүлөр тукумундагы уруу.
Бийиктиги 5- 20 (30) см болгон, пияз түптүү көп жылдык чөп.Гүл коргону сары, жашылыраак, кээде агыш, 6 жалбыракчадан турат. Евразиянын мелүүн зоналарында 100дөй түрү кездешет.
Азияда Каз пияздын 90дон ашык түрү бар, көбүнчө Кавказ жана Орто Азияда таралган. Кыргызстанда 20 түрү өсөт. Алардын ичинен жиптей, оюкчалуу, назик, Хомутов Каз пиязы кеңири таралган. Жайыттарда анын көп түрүн мал жейт.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыБашкы баракЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКокон хандыгыБайыркы кыргыздарОлуя-АтаТарыхУсун мамлекетиИсхак РаззаковКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыХундарАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичСак уруусуМанас эпосуКыргыз автономиялуу облусуУлуу Кыргыз ДөөлөтүКыргыз элинин калыптанышыБарсбек каганКыргызстандын туусуТүрк кагандыгыПедагогикаДаван мамлекетиТаш дооруКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруФонетикаКурманжан ДаткаКайра курууАнжиян көтөрүлүшүДабан мамлекетиПсихологияАмир ТемирАт атоочКыргызстандын Россияга каратылышыКыргызстандагы таш дооруПолот ханЖыл сүрүү жадыбалыХайду мамлекетиАнглиядагы революция