Лилия
Саран же лилия (лат. Lilium, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн лилиялар тукумундагы уруусу. Пияз түптүү көп жылдык чөп. Жалбырагы сабагына тегерете же кезектешип жайгашкан. Гүлү түрдүү түстө, түтүктөй же коңгуроодой түзүлүштө, диаметри 13–15 см. Көпөлөк аркылуу жана өзүн-өзү чаңдаштырат. Айрымдарынын жалбырак колтугунда вегетациялык көбөйүү милдетин аткаруучу бүчүр калыптанат. Мөмөсү – көп уруктуу кутуча. Түндүк жарым шардын мелүүн алкагында, көбүнчө токойлуу жана ачык тоо капталдарында 90дон ашык түрү өсөт. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө, Кавказда, Сибирде, Ыраакы Чыгышта 21 түрү таралган. Кыргызстанда жапайы түрү кездешпейт. Лилиянын бардык түрү – кооз өсүмдүк. 2000ден ашык сорту өстүрүлөт.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБишкек чебиКокон хандыгыКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКитепАбдырахман Кучак уулуКыргыз автономиялуу облусуКубатбек ЖусубалиевКыргызстандын Россияга каратылышыБашкы баракАлыкул ОсмоновКыргызстанКожожашКитептин тарыхыМанас эпосуАтайын:SearchСалыкЦин империясыЖакшылыков АсанТоктогул СатылгановКачыбек Шералы уулуИбраев, ЭсенгулАт атоочКазат АкматовЧүй кыргыздарынын Россиянын курамына бириктирилишиЖеңиш КүнүМидин АлыбаевКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуЫсык-КөлЭтишЖаратылышЫсык-Көл облусуОш облусуИнтернетТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүБаткен облусу