Жюль Верн
Жюль Габриэль Верн - (8.2.1828, Франция, Нант 24.3.1905, Амьен) француз жазуучусу, коомдук ишмер, илимий-фантастикалык роман жанрын баштоочулардын бири. Адабий чыгармачылыгын 1849-ж. пьеса жазуудан баштаган. Анын «Аба шарында өткөн беш жума» аттуу туңгуч романы 1863-ж. жарык көргөн. Ал 65тен ашык илимий фантастикалык, социалдык-сатиралык роман, повесть-аңгемелерди, географиялык изилдөөлөрдүн тарыхы боюнча эмгектерди жазган. Жазуучунун «Суу асты менен 20 000 км» (1869-70), «Капитан Гранттын балдары» (1867-68), «Сырдуу арал» (1875) ж. б. чыгармалары кыргыз тилине да которулган. Айдын аркы бетиндеги кратер анын ысмынан аталат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajax«Манасчылар»Айтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКубатбек ЖусубалиевКыргыз оюм чийимдериКитепМанас эпосуЖакшылыков АсанКазат АкматовБашкы баракАлыкул ОсмоновКожожашКыргызстанАтайын:SearchТоктогул СатылгановКыргыз автономиялуу облусуКазатКокон хандыгыИбраев, ЭсенгулУлуу Ата-Мекендик согушСаякбай КаралаевЖалал-Абад облусуСинонимЖеңиш КүнүРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Ысык-Көл облусуСоветтер Союзунун баатырларыЫсык-КөлМанасЭтишИсхак РаззаковКурманжан ДаткаБарпы АлыкуловКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиКыргыз улуттук оюндарыБишкекЖаргак шымТактоочБаткен облусу