Чынар
Чынар (лат. Platanus, L. 1753) — чынарлар тукумундагы өсүмдүк. Калың шактуу, бийик, жалбырак күбүмө дарак. Сөңгөгү чоң (бийиктиги 50 м, жоондугу 18 м). Манжадай айчыктуу, узун саптуу жалбырактары кезектешип жайгашкан. Гүлү майда, бир жыныстуу, гүл коргону 3—4 мүчөлүү, калың башча топ гүлгө чогулган. Мөмөсү — жаңгакча. 10дой түрү Түштүк Америкада жана Жер Ортолук деңизден Инди-Кытайга чейин таралган. Чынар тез өсүп, 200 жылга чейин жашайт. Кыргызстанда 2 түрү жылуу райондордо кооздук үчүн өстүрүлөт.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Кыргыз совет энциклопедиясы. Бишкек (Фрунзе): 1980 г., ББК 92 Я 2
- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичМанас эпосуИнтернетЭгемберди ЭрматовКыргызстанКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиКокон хандыгыБашкы баракАлыкул ОсмоновЫсык-КөлНизами ГянжавиРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)ИсламЖеңиш КүнүКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыКүнБарпы АлыкуловАтайын:SearchКазакстанЖакшылыков АсанТоктогул СатылгановЭкономикаКыргыз автономиялуу облусуБаткен облусуОрусияУлуу Ата-Мекендик согушСүймөнкул ЧокморовЭлектр тогуМеталлЖылдызКурманжан ДаткаЫсык-Көл ойдуңуКыргызстандын чек араларыМанасАйлардын кыргызча аталышыБиосфераПланетаКатегория:Сүт эмүүчүлөр