Циклотрон
Циклотрон – заряддалган оор бөлүкчөлөрдү (протондорду, иондорду) ылдамдатуучу циклдик резонанстык ылдамдаткыч.
Циклотрондо башкаруучу магнит талаасы да, ылдамдатуучу электр талаасынын жыштыгы да, убакыттын өтүшү менен өзгөрбөй, турактуу болот. Циклотронду амер. физик Э.Лоуренс 1930-ж. ойлоп тапкан. Консерва банкасынын жарымындай (аны дуанта дешет) түспөлдөгү, вакуумда жайланышкан, электроддордун арасына бөлүкчөлөр учуп киргенде электр талаасынын таасиринин натыйжасында ылдамдатылып, жандырылган спираль түрүндөгү траектория боюнча кыймылдашат. Ц-до протондор 10–20 МэВко чейин ылдамдатылат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичБашкы баракКыргызстанКокон хандыгыАлыкул ОсмоновМанас эпосуСын атоочКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиСан атоочБарпы АлыкуловАтайын:SearchЭгемберди ЭрматовЫсык-КөлКазакстанЭтишКүнТоктогул СатылгановКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыИсламЭлектр тогуЗат атоочФонетикаЭкинчи дүйнөлүк согушИнтернетУлуу Кыргыз ДөөлөтүКурманжан ДаткаБаткен облусуСаймалуу ташКыргыз автономиялуу облусуУлуу Ата-Мекендик согушТүрк кагандыгыЖакшылыков АсанЖерЖылдызСөз түркүмүҮндүү тыбыштарЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыТүргөш кагандыгы