Тербий
Тербий (латын тилинен Terbium, Tb) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 65, ат. м. 158,9254. Т. массалык сандары 146Tb - 164Tb болгон 19 изотобу белгилүү, алардын ичинен жаратылышта массалык саны 159Tb болгон бир гана изотобу табылган. Т. жер кыртышында 1,5×10-4 % массалык санда кездешет. Т. ак күмүш түстөгү балкып эрүү температурасы 13560С; кайноо температурасы 28000С; бирикмелеринде +3 жана +4 окистенүү даражаларын көрсөтүүчү активдүү металл. Окистенү -калыбына келүү потенциалы -2,39 барабар, Т. бирикмелери айнектерди, лак, люминофор өндүрүүдө, ошондой эле радиоизотоптук индикатор катары колдонулат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичМанас эпосуИнтернетЭгемберди ЭрматовКыргызстанКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиКокон хандыгыБашкы баракАлыкул ОсмоновЫсык-КөлНизами ГянжавиРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)ИсламЖеңиш КүнүКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыКүнБарпы АлыкуловАтайын:SearchКазакстанЖакшылыков АсанТоктогул СатылгановЭкономикаКыргыз автономиялуу облусуБаткен облусуОрусияУлуу Ата-Мекендик согушСүймөнкул ЧокморовЭлектр тогуМеталлЖылдызКурманжан ДаткаЫсык-Көл ойдуңуКыргызстандын чек араларыМанасАйлардын кыргызча аталышыБиосфераПланетаКатегория:Сүт эмүүчүлөр