Росс деңизи
Росс деңизи (Ross Sea) – Тынч океанынын четки деңизи. Батыш Антарктиданын жээгинде Адэр жана Колбек тумшуктарынын аралыгында. Аянты 440 миң км2. Эң терең жери 2972 м. Деңиздин түштүк бөлүгүн Росс шельф муздугу Kan-Tan жатат, түндүгүн жыл бою калкыма муздар ээлейт; айсбергдер көп. Жылдык орточо температурасы суунун үстүнкү бетинде -1°С, жайкысын кээде 2°Ска чейин көтөрүлөт. Туздуулугу 33,75-34,4%о. Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийиктиги 1 мге чейин) Росс, Уэдделл түлөнү, краб жегич түлөн, кит мекендейт. Англиялык уюл изилдөөчү Ж. К. Росстун ысымынан аталган.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/b5/Antarctica_-_Location_of_the_Ross_Sea.png/220px-Antarctica_-_Location_of_the_Ross_Sea.png)
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/6d/Ross_Sea%2C_Summer_2016_07.jpg/220px-Ross_Sea%2C_Summer_2016_07.jpg)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
🔥 Top keywords: