Ижевск
Ижевск - (1985-87-ж. Устинов) Удмурт Республикасынын борбору. Россиядагы шаар (1918-жылдан). Иж дарыясы Кама дарыясына куя бериште (40 км жогору) жайгашкан. Калкы 615,7 миң (2007). Темир жол тоому. Машина куруу (жеңил автомобиль, мотоцикл, станок, электр араа, аң уулоодо колдонуучу куралдар, нефть өнөр жай үчүн жабдуу), кара металлургия (анын ичинде «Ижмаш»), электр-техникалык, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары, «Ижнефтемаш», «Ижсталь» ААК, радио заводдору иштейт. Төрт ЖОЖ (анын ичинде Удмурт университети), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн), край таануу, көркөм өнөр музейи, 4 театр ж. б. бар. 1760-ж. Ижевский Завод посёлкасы катары негизделген. 1921-жылдан Воткин автономия облусунун, 1934-жылдан Удмурт Республикасынын борбору.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичБалдарды коргоонун эл аралык күнүМанас эпосуЖыл сүрүү жадыбалыАлыкул ОсмоновКыргыз аттарыФонетикаПедагогикаАтайын:SearchЖамийла (повесть)Түгөлбай СыдыкбековКыргызстанКыргызстандын чек араларыМанасКыргызстандын географиясыЭкинчи дүйнөлүк согушКокон хандыгыКош бойлуулукСынган кылычҮнсүз тыбыштарСоветбек БайгазиевСөз айкашыМамилеСөөк системасыИсхак РаззаковПсихологияЗат атоочБоз үйКылым карытар бир күнКыргыз тилинин жазуу эрежелериЖалал-Абад облусуКатегория:Африка этносторуУлуу Ата-Мекендик согушМорфологияМухаммед пайгамбарАбдыкерим СыдыковКурманжан Датка