Жети-Өгүз району

Жети-Өгүз району ― Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы административлик-аймактык бирдик. Борбору Кызыл Сууда жайгашкан. Анын аянты 14,499 чарчы чакырым, ал эми туруктуу калкы 2009 жылы 82,085 кишини түзгөн. Дубан Тескей Ала Тоо Кыркаларынын чыгыш четинде турат.

Жети-Өгүз району
Герб
Герб
Желек
Желек
Өлкө

Кыргызстан

Статусу

областык район

Областка карайт

Ысык-Көл областы

Районго карайт

13 айыл өкмөтү, 51 айыл

Административдик борбор

Кызыл-Суу

Калкы

99,690 адам[1]

Улуттук курамы

кыргыздар — 91,2%
орустар — 4,5%
дунгандар — 2,4%
уйгурлар — 0,9%[1]

Диний курамы

ислам, христиан

Тууралыгы

42.515638

Узундук

78.532676

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+6

Автоунаа номурунун коду

I,IK

Географиясы

түзөтүү

1930-жылдары уюшулуп, 1963-жылдары Тоң районуна кошулуп, 1965-жылы кайра бөлүнгөн. Чыгышынан Ак-Суу, батышынан Тоң, түштүк батышынан Нарын облусу, түштүк чыгышынан Кытай Элдик Республикасы менен чектешип турат. Райондо 13 айыл кеңеши, 51 айыл бар. Райондун борбору - Кызыл-Суу айылы.

Райондун аймагы негизинен тоолуу, рельефине жараша 2 зонага бөлүнөт: түздүктүү түндүк (Ысык көлдүн жээк түздүгү жана Тескей Ала тоонун түндүк этеги, анын өрөөн, капчыгайлары) жана Тескей Ала тоо менен Какшаал тоо тизмегинин аралыгында жаткан Ысыккөл сырты. Негизги тоо тармактары: Тескей Ала-Тоо (райондун аймагындагы эң бийик жери Ит-Тиш чокусу, 4808 м), Ак-Шыйрак тоо тоому (5125 м), Борколдой кырка тоосу (5170 м), Жетимбел кырка тоосу (4627 м), Какшаал тоо тизмеги (5200 м).

Негизги өрөөндөрү: Ысык-Көл өрөөнү, Жогорку Нарын өрөөнү (Карасай, Тарагай), Үчкөл – Сарычат өрөөнү ж. б. Алар деңиз деңг.1608 мден (Ысыккөл өрөөнү) 3200 м бийиктикке чейин (Арабел өрөөнү) жайгашкан. Тескей Алатоо менен Какшаал тоо тизмегинин аралыгында деңиз деңг. 2500 мден жогору жайгашкан күдүрлүү кенен аймак – сырт жатат.

Кен байлыктары: калий, алтын (Кумтөр), вольфрам, коргошун, графит, темир, ошондой эле минералдуу жылуу булактар, курулуш материалдары ж. б.

Райондун Ысыккөл жак бөлүгүндө деңиздик, Сыртта кескин континенттик климат мүнөздүү. Ысык-Көл өрөөнүнүн жайы салкын (Теке айынын орт. температурасы 17,5°С), кышы жумшак (Үчтүн айыныкы – 2,9°С). Сырттын кышы узак жана суук (Үчтүн айыныкы –22°С), жайы кыска жана салкын (Теке айыныкы 5°С). Жылдык жаан-чачыны Ысык-Көл өрөөнүндө 350–500 мм, Сыртта 200–300 мм.

Тоолору мөңгүлүү, алардан Нарын, Сары-Жаз, Үзөнгү-Кууш, Жети-Өгүз, Жууку, Барскон ж. б. суулар башталат. Майда көлдөрү бар.

Топурак менен өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Негизинен жарым чөлдүү кургак талаа, талаа–шалбаа, токой (негизинен карагай), субальп, альп, бийик тоолуу тундра, гляциалдык–нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.

Аймагынын бир бөлүгү Ысык-Көл биосфералык резерватына кирет; Жети-Өгүз аңчылык заказниги уюшулган.

Калкы

түзөтүү

Калкы облустун калкынан 18,5%ын түзөт; көп улутту. Негизинен кыргыз (91,2%), орус (4,5%), дуңган (2,4%), уйгур (0,9%) ж. б. улуттар жашайт. Орто жыштыгы 1 км2 жерге 7 киши. Көбү көл кылаасында отурукташкан.

Курамы

түзөтүү

Аймакта 13 айыл өкмөтү, 47 айыл бар.

Райондун айыл-кыштактары[2]
Айылдын атыНегизделген жылыАйыл аймагыКалкынын саны (2023)Райондун борборунан алыстыгы (км)Балыкчы т.ж. бекетинен алыстыгы (км)
1Ак-ДөбөАк-Дөбө188721
2Ак-КочкорЖети-Өгүз197627
3Ак-ТерекЖаргылчак447925
4Ак-Шыйрак1928Ак-Шыйрак68248
5Аң-ӨстөнАк-Дөбө199818
6Барскоон1911Барскоон953345
7Богатыровка1911Липенка130325
8Боз-Бешик1932Оргочор156215
9Балтабай (Алкым)Ырдык121326
10Даркан1911Даркан739810
11Жалгыз-ӨрүкКызыл-Суу15842
12Желе-ДөбөЖети-Өгүз134017
13Жеңиш (Чычкан)Жаргылчак356324
14Жети-ӨгүзЖети-Өгүз398624
15Жети-Өгүз (курорт)Жети-Өгүз32824
16Жон-БулакЫрдык224326
17ЖуукуАлдашев6015
18Зеленый Гай (Койсары)Липенка11025
19Ичке-БулуңЛипенка154832
20Кабак1929Жети-Өгүз139425
21Кайнар (кыш зооту)1957Кызыл-Суу41515
22Каракол18 кылымБарскоон0160
23Кара-СайБарскоон61157
24Кичи-ЖаргылчакЖаргылчак387231
25КонкинЫрдык84227
26КультцентрАк-Шыйрак192217
27Кургак-АйрыкОргочор26733
28Кызыл-Суу1867Кызыл-Суу15464
29Кызыл-Суу пристаныКызыл-Суу2339
30КытайЫрдык73524
31Липенка1911Липенка180321
32МундузАк-Дөбө75216
33Оргочор1932Оргочор28062
34ПодгорныйОргочор10496
35Саруу1890Алдашев85015
36Светлая Поляна (Сүттү-Булак)1911Светлая Поляна32574
37СөөкБарскоон0106
38Талды-БулакЖети-Өгүз024
39ТамгаТамга375139
40ТилекматАк-Дөбө336613
41Тосор1928Тамга273655
42Чоң-Жаргылчак1928Жаргылчак106537
43Чоң-Кызыл-Суу1920Светлая Поляна8934
44Чырак1912Жети-Өгүз205622
45ЫрдыкЫрдык327928
46Ысык-КөлАлдашев37410
47ЫштыкАк-Шыйрак26165

Экономикасы

түзөтүү

Чарбасынын негизги тармагы — айыл чарбасы; 1149 дыйкан чарбасы, Оргочор асыл тукум дөөлөттүк зооту, Жети-Өгуз мал бордоо чарбасы, мөмө-жемиш питомниги иштейт (2001). Кийинки жылдары малдын санынын кыйла кыскарып кеткендигине карабастан Жети-Өгүз району малынын саны боюнча облуста 1 орунда.

Булактар

түзөтүү