Айсулуу Токомбаева

Токомбаева Айсулуу Асанбековна (1947-жылы т., Бишкек ш.) – балет артисти, Кыргыз ССР эл артисти (1975), СССР эл артисти (1981).

Айсулуу Токомбаева
Айсулуу Асанбековна Токомбаева
ЖынысыАял
ЖарандыгыСоветтик Социалисттик Республикалар Союзу, Кыргызстан
Эне тилиндеги ысымыАйсулуу Асанбековна Токомбаева
ЫсымыАйсулуу
Туулган датасы22 сентябрь 1947
Туулган жериБишкек
ЭнесиЕркимбаева Мунжия Закировна
Бир туугандарыТокомбаева Гүлмира Асанбековна, Еркимбаева Офелия
Кесибиballet dancer, Балетмейстер, choreographer, ballet teacher
Иш берүүчүКыргыз улуттук опера жана балет театры, Hacettepe University Ankara State Conservatory
Educated atVaganova Academy of Russian Ballet
Student ofNina Belikova
Партиянын мүчөсүСоветтик Союздун Коммунисттик партиясы
СыйлыктарыUSSR State Prize, People's Artist of the USSR
БулактардаQ24038862

Өмүр таржымалы

түзөтүү

1966-ж. Ленинград хореография окуу жайын бүтүргөндөн кийин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекет академиялык опера жана балет театрынын артисти, 1967-жылдан солисти.
Токомбаева – өз өнөрү менен лириканы, драманы, трагедияны бирдей деңгээлде чагылдырып, ишенимдүү аткарган техникалуу балет артисти.

Театр репертуарындагы башкы партиялары

түзөтүү

Чолпон (М. Раухвергер, «Чолпон»), Асел (В. Власов, «Асел»), Мария (Б. Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Одетта-Одиллия (П. И. Чайковский, «Ак куу көлү»), Фригия (А. Хачатурян, «Спартак»), Свобода (М. Равель, «Болеро»), Жизель (А. Адам, «Жизель»), Толгонай (К. Молдобасанов, «Саманчынын жолу» балет-ораториясы) жана башкалар.

Одетта, «Ак куу көлү» балети

Токомбаева – кыргыз искусствосу менен адабияты күндөрүнүн (Өзбекстан, Латвия, Белоруссия, Эстония, Литва) катышуучусу, хореографиялык концерт номерлеринин бүткүл союздук конкурсунун дипломаты.
Россия, Польша, Болгария, Финляндия, Ливия, Тунис, Швеция жана башкалар өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Сыйлыктары

түзөтүү

СССР мамлекет сыйлыгы (1976) жана Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын (1969) лауреаты.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү