Азоттуу суулар
Азоттуу суулар - курамындагы газдардын негизин азот газы түзгөн табигый суулар. Сейрек кездешүүчү бул сууларда көбүнчө аргон, гелий, неон, криптон, ксенон ж. б. инерттүү газдар да кездешет. Кыргызстандагы минералдуу суулардын басымдуу тобун азоттуу суулар түзөт жана алардын катарына Жалал-Абад, Ысык-Ата, Жыргалаң, Ак-Суу (Теплоключенка), Сары-Жаз, Аламүдүн, Алтын-Арашан булактары, Чоң-Кызыл-Суу, Көкө-Мерен, Ысык-Көлдөгү бургулоо көзөнөктөрү менен чыккан минералдуу суулар кирет. Алардын курамындагы газдарда азот басымдуулук кылат (75-95%). Азоттуу суулар гранит, гранодиорит, гнейстер ж. б. тоотектер аркылуу сарыкканда пайда болот.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКыргыз аттарыКыргызстандын чек араларыКош бойлуулукКыргызстанМанас эпосуАлыкул ОсмоновФонетикаКыргыз тилинин жазуу эрежелериАтайын:SearchЭкинчи дүйнөлүк согушПедагогикаКыргызстандын географиясыЖалал-Абад облусуКыргызстандын туусуСын атоочЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыЭмчектеги балаҮнсүз тыбыштарҮндүү тыбыштарПсихологияКыргыз элдик оозеки чыгармаларКыргыз урууларыАйлардын кыргызча аталышыСак уруусуБарсбек каганБаткен облусуБайыркы кыргыздарОозул (стоматит)Кокон хандыгыСүйүнбай ЭралиевБарпы АлыкуловУлуу Кыргыз ДөөлөтүТоктогул СатылгановЫсык-КөлТалас облусу