Политетрафторэтилен

Политетрафторэтилен, тефлон, фторпласт-4, [-CF 2-CF2-]n – тетрафторэтилен 70о-80оС 40-100 атм. басымда, эмульсиялык полимерлешүүсүнөн алынган мол. масс. 50000-2000000 болгон ак күкүм түрүндөгү полимер. Тб.э.320-327оС. айнектешүү t 120о С. Бардык полимерден оор (тыгызд. 2,2-2,3), темп-ра жана химимялык  туруктуулугу боюнча башка полимерлерден артыкчылык кылат. К-талар щелочтор, окистендиргичтер, фтор таасирине туруктуу. Фторопласт-4 жогорку темп-рада, конц. к-талар чөйрөсүндө, химимялык  машина курууда колдонулуучу пластик, көтөргүч- клапан вентил даярдоодо, майлоочу майсыз, агрессивдүү чөйрөдө колдонулуучу подшипниктер жасоодо, электротехникада колдонулат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү