Подгорный Николай Викторович
Подгорный Николай Викторович (5(18). 2. 1903-11 январь, 1983) - советтик мамлекеттик жана парт, ишмер, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1963, 1973). 1930- жылдан КПСС мүчөсү.
- Жумушчу үй-бүлөсүнөн.
- 1917-жылдан слесарь, 1921-23-ж. комсомолдун Карловка райкомунуп секретары.
- Киев тамак аш өнөр жай технологиялык институтун бүткөндөн (1931) кант өнөр жай ишканаларында иштеген.
- 1939-40 жана 1944-46-ж. УССР, 1940-42-ж. СССР тамак-аш өнөр жай эл комиссарынын орун басары, 1942- 44-ж. Москва тамак-аш өнөр жай технол. институтунун директору.
- 1946-50-ж. СССР өкмөтүндө УССР Мин. Советинин туруктуу өкүлү.
- 1950-53-ж. Украина КП Харьков обкомунун биринчи секретары,
- 1953-жылдан Украина КП БКнын экинчи,
- 1957-63-ж. биринчи секретары.
- 1963-65-ж. КПСС БКнын секретары.
- 1965-77-ж. СССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели.
- 1952-56-ж. КПССтин Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү,
- 1956-жылдан КПСС БКнын мүчөсү,
- 1958-жылдан БКнын Президиумунун мүчөлүгүнө кандидат,
- 1960-77-ж. КПСС БКнын Президиумунун (Саясий бюросунун) мүчөсү.
- СССР ЖогоркуСоветинин (4-9- шайл.) депутаты.
- 1977-жылдан пенсияда. Беш Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыJSONКыргыз аттарыБайыркы кыргыздарАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКош бойлуулукАтайын:SearchКыргыз урууларыКыргызстанТарыхУлуу Кыргыз ДөөлөтүХундарФонетикаКокон хандыгыАйлардын кыргызча аталышыИсхак РаззаковЭкинчи дүйнөлүк согушКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыСак уруусуПедагогикаТөрөтМанас эпосуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыТүрк кагандыгыКыргызстандын Россияга каратылышыОкутуу методуПсихологияУсун мамлекетиКыргыз элинин калыптанышыЭмчектеги балаАнжиян көтөрүлүшүКараханийлер кагандыгыКыргызстандын туусуТаш дооруЫсык-Көл