Пекос
Пекос (Pecos) – АКШнын түштүк-батышындагы дарыя, Рио-Гранденин сол куймасы. Узундугу 1215 км, алабынын аянты 101 миң км2. Аскалуу тоолордон башталып, Льяно-Эстакадо платосун терең өрөөн аркылуу кесип өтөт. Сугатка кеңири пайдаланылгандыгына байланыштуу суусунун орточо чыгымы төмөнкү агымында 8 м3/секдан ашат. Суу сактагыч курулган. Боюнда Карлсбад шаары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүЖаратылышАлыкул ОсмоновМанас эпосуАйлардын кыргызча аталышыИсхак РаззаковПедагогикаЖыл сүрүү жадыбалыКурманжан ДаткаБоз үйПсихологияСынган кылычБиринчи мугалимКыргызстанКокон хандыгыЖусуп БаласагынЭкинчи дүйнөлүк согушСөз түркүмүБаяндамаФонетикаКасым ТыныстановУлуу Кыргыз ДөөлөтүКыргыз тилинин жазуу эрежелериОкутуу методуКыргыз аттарыАтайын:SearchЖамийла (повесть)Күндөрдүн аталышыБаткен облусуМанасЗат атоочКыргызстандын географиясыЫсык-КөлСөз айкашыУлуу Ата-Мекендик согушОрфография