Панда
Панда, кидик панда (Ailurus fulgens) – жырткычтар түркүмүнүн жанаттар тукумундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 51–64 см, куйругу 28–48 см, салмагы 3–48 кг. Жүнү калың, жумшак, жон жагы саргыч-күрөн, курсак жагы кызыл-күрөң (карага чейин) түстө. Түштүк-Батыш Кытайда, Бирма, Непалда кездешет. Деңиз деңгээлинен 2–4 миң м бийик тоодо, бамбук токойлорунда жашайт. Күндүз жыгачтын оюктарында жашынып жатып, түнкүсүн азыгын издейт. Көбүнчө өсүмдүк, кээде майда омурткалуулар менен азыктанат. Жылына бир жолу 1–2 мамалак тууйт. Колго жакшы үйрөнөт, капаста кармаса болот. Ири Панда бамбук аюусу деп аталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxКыргызстандын туусуКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКаңгүйИсхак РаззаковУсун мамлекетиЖарандык согушКурманжан ДаткаСак уруусуКокон хандыгыБарсбек каганКыргыз автономиялуу облусуМоголстанКыргыз Республикасынын президенттериХундарУлуу Ата-Мекендик согушДабан мамлекетиКыргызстандын гимниБашкы баракКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыУлуу Кыргыз ДөөлөтүМухаммед кыргызТүрк кагандыгыКыргызстан демократиялык кыймылыКыргызстандын Россияга каратылышыКыргызстандын гербиКыргыз элинин калыптанышыДаван мамлекетиСыдык уулу ОсмонаалыКыргыз Республикасынын экономикасыТаш дооруБиринчи дүйнөлүк согушКангүйКыргызстандагы таш дооруЭкинчи дүйнөлүк согушМөндүрҮркүнЭне-Сай кыргыз кагандыгы