Ле-Пюи, Ле-Пюи-ан-Веле – Франциядагы шаар. Жогорку Луара департаментинин административдик борбору. Калкы 23,2 миң (2010). Жолдор тоому.

Ле-Пюи.

Шаар 4-кылымдын аягында негизделген. Роман стилиндеги 6 кумпалуу Нотр-Дам собору (11–12-к.; маңдайы 5 ярустуу аркададан туруп, 2 түстүү таш менен, каптал порталдары (12-к.) мусулман архитектурасынын салттарында кооздолгон; оюуланган эшиктери (12-к.), коңгуроо (13-к.), дубалдарга тартылган 12–15-кылымга таандык сүрөттөр жана башкалар бар). Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Аны айланта Сен-Жан баптистерийи (11-к.), «Машикули» имараты (12-к.), Жансыз капелла (12-к.) жайгашкан. Доминикан Сент-Лоран чиркөөсү (14–15-к.), Сент-Клер монастыры (1432), Паннессак мунарасы (15-к.), «Сен-Видаль» отели (15–16-к.), епископтордун ак сарайы (16-кылымдын аягы), готикалык жана Ренессанстык турак-жайлар сакталган. Ратуша (1752), Крозатье фонтаны (1858) жана музейи (1865–68) жана башкалар бар. Шаардын экономикасынын негизин туризм бизнеси түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыУсун мамлекетиКыргыз автономиялуу облусуКурманжан ДаткаТүрк кагандыгыКыргызстандын туусуАмир ТемирБарсбек каганСак уруусуУлуу Кыргыз ДөөлөтүБайыркы кыргыздарКыргыз элинин калыптанышыХайду мамлекетиКараханийлер кагандыгыДабан мамлекетиКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыТаш дооруКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруИсхак РаззаковКокон хандыгыБашкы баракАнжиян көтөрүлүшүХундарДаван мамлекетиКыргызстандагы таш дооруБатыш түрк кагандыгыТарыхКыргыз Республикасынын экономикасыМанас эпосуУлуу Ата-Мекендик согушКайра курууАрхитектуралык эстеликтерКоло доору. Ош турган жайы.Кыргызстандын Россияга каратылышыЖарандык согушЖер-суу реформасыПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясаты