ЛаолорЛаостогу тай элдери, лаостор курамындагы этностук топ. Батыш жана Түштүк Лаосто (3 млн), Түндүк-Чыгыш Таиландда (16 млн), Камбоджада (10 миң), Вьетнамда (10 миң) жана Мьянмада (25 миң) да жашашат. Жалпы саны 19,048 киши (2012). Лаос тилинде сүйлөшөт. Дини – байыркы уруулук ишенимдер аралашкан буддизмдин түштүк бутагы, христиандар да бар. Лаолордун түпкү аталары Чыгыш Азиянын түштүк аймактарында жашап, Индикытайга биздин замандын башында, ал эми азыркы Лаос аймагына биздин замандын алгачкы кылымдарында келген. 14-кылымда Лансанг аталыштагы Лаос феодалдык мамлекети пайда болгон. 18-кылымда өз ара феодалдык ырксыздыктын кесепетинен бир нече княздыкка бөлүнүп кеткен. 19-кылымда Сиам жана Вьетнам, кийинчерээк Вьетнам жана Франциянын ортосунда бөлүштүрүлгөн. 1953-ж. көз каранды эмес мамлекет түзүлүп, башка элдер менен ассимиляцияланган. Лаолор негизинен күрүч өстүрүп, багбанчылык кылат. Айрым топтору мал багып, аңчылык, балык уулоочулук жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Лаолордо ийрүү, жибек токуу өнүккөн. Негизги тамак-ашы – күрүч, балык, жер-жемиштер, эт (буйвол) азыктары (түндүгүндө), ошондой эле жылан, чегиртке, курт-кумурскалар. Салттуу майрамы – Жаңы жыл (13–15-апрель).

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7