Кутман Кадырбеков

Кутман Кадырбеков (13-июнь 1997) — кыргыз футболчусу, Кыргызстан улуттук курамасынын жана «Дордой» клубунун дарбазачысы.

Портал:Футбол
Портал:Футбол
Кутман Кадырбеков
Жалпы маалымат
Лакап атыКутМэн
Төрөлгөн датасы13 -июнь 1997(1997-06-13) (26 жаш)
Кыргызстан
Жарандыгы Кыргызстан
Бою192 см
Салмагы76 кг
Позициясыдарбазачы
Клуб тууралуу маалымат
КлубуКыргызстан Дордой
Номуру13
Карьерасы
Клубдук карьерасы*
2014Калып:АрендаКыргызстан Манас
2015Калып:АрендаКыргызстан Ала-Тоо
2016—2017Калып:Фарм-клубКыргызстан Дордой-2
2018—а.у.Кыргызстан Дордой
Улуттук курамасы**
2019—а.у.Кыргызстан Кыргызстан3 (-5)

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 17 январь 2019-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 22 январь 2019-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Өмүр баяны түзөтүү

Клубдук карьерасы түзөтүү

«Дордой» клубунун футбол мектебинин тарбиялануучусу. 2014-жылдан тарта Кыргызстандын жогорку лигасынын «Манас» жана «Ала-Тоо» клубдарында ижара иретинде ойногон. 2017-жылы «Дордой-2» клубунун курамында биринчи лиганын жеңүүчүсү болгон. 2018-жылдын 30-январында АФК Кубогунун алкагында түркмөнстандык «Ахалга» каршы оюнда «Дордойдун» негизги курамында ойноп чыккан. Улуттук чемпионатта болсо — 2018-жылы 9-майда «Илбирске» каршы оюнда. Кыргызстандын чемпиону (2018).

Курамадагы карьерасы түзөтүү

Кыргызстандын жаш балдар курамасында ойногон. 2018-жылы олимпиадалык кураманын курамында Азия оюндарына катышкан. Бирок Калысбек Акималиевдин дублёру болгондуктан, талаага бир да жолу чыккан эмес.

2019 Азия Кубогунун Кыргызстан улуттук курамасынын курамындагы катышуучусу. Улуттук кураманын курамында алгачкы жолу ушул турнирдин алкагында, 2019-жылы 11-январьда Түштүк Кореяга каршы оюнда чыккан.