Капитуляция
Капитуляция – 1) жеңген тараптын койгон шартына ылайык командачылардын өз ара сүйлөшүүлөрү боюнча жеңилген тараптын бардык аскерлеринин согуш майданынын бүт жеринде каршылык көрсөтүшүн токтотуп, багынып бериши; Капитуляция убагында эреже катары, бүт согуштук курал менен аскердик мүлк олжолонуп, өздүк курам туткун катары жеңген тарапка өткөрүп берилет; 2) эл аралык укукта согушуп жаткан мамлекеттин куралдуу күрөшүнүн топтолушу жана куралдуу күчтөрүнүн душманга өткөрүлүп берилиши. Капитуляция жарыялаган мамлекетке саясий, экономикалык, согуштук милдеттер жүктөлөт. Жеңген мамлекет жеңилгендин жогорку бийлигин убактылуу колго алып, баскынчылык тартип орнотот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыАтайын:SearchКыргыз аттарыЭкинчи дүйнөлүк согушКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичПедагогикаАвтомобильЖер титирөөКыргызстанҮнсүз тыбыштарТөрөтКыргыз урууларыКыргыз тилинин жазуу эрежелериПсихологияБөйрөк оорусуАлыкул ОсмоновФонетикаКонституциялык укукКөйгөйлүү окутууЫсык-КөлТоктогул СатылгановАралыктан (дистанттык) окутууАйлардын кыргызча аталышыМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?КызамыкКыргызстандын туусуКойсан расасыКокон хандыгыҮндүү тыбыштарТракторИздөө системалары (компьютерде)ИнтернетСөз түркүмүМухаммед пайгамбарАнжелика КайратоваКүндүн узун-кыскалыгы