Жайпур
Жайпур – Индиянын Түндүк-батышындагы шаар. Ражастхан штатынын администрациялык борбору. Аравалли тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 431 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3,1 млн (2011). Эл аралык аэропорту бар. Ири жол тоому. Жеңил (кебез кездеме), химиялык, цемент, айнек-карапа, электр-техникалык өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (зер буюмдар, пилдин сөөгүн жана ташты чегелөө) өнүккөн. 1728-жылы негизделген. Сарай комплекси (бакчасы, бассейни жана Чандра-Махал ак сарайы менен), Жантар-Мантар обсерваториясы, Хава-Махал ак сарайы («Шамалдар сарайы», 18-кылымдын 2-жарымы; анын фасадында 953 терезе бар) сакталган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыJSONКыргыз аттарыБайыркы кыргыздарАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКош бойлуулукАтайын:SearchКыргыз урууларыКыргызстанТарыхУлуу Кыргыз ДөөлөтүХундарФонетикаКокон хандыгыАйлардын кыргызча аталышыИсхак РаззаковЭкинчи дүйнөлүк согушКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыСак уруусуПедагогикаТөрөтМанас эпосуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыТүрк кагандыгыКыргызстандын Россияга каратылышыОкутуу методуПсихологияУсун мамлекетиКыргыз элинин калыптанышыЭмчектеги балаАнжиян көтөрүлүшүКараханийлер кагандыгыКыргызстандын туусуТаш дооруЫсык-Көл