Гипотиреоз(гипо... жана лат. thyreoidea — калкан бези) — калкан безинин начар иштеши.

Гипотиреоз - микседеманын даана эмес формасы. Гипотиреоздун негизги белгилери; шалдыроо, бат чарчоо, көп уктоо, унутчаактык, кез алдынын жана беттин шишиши, теринин кургактыгы, чачтын түшүшү, заңдын катышы, зат алмашуунун төмөндөшү. Гипотиреозду дарылоодо гормондук дарылар колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.