Виски
Виски (англисче whisky, латынча aqua vitae өмүр суусу) – спирти 40-50% жеткен алкоголдук ичимдик. Негизинен Англия менен АКШда таралган. Дан эгиндеринин ачытылган ширесин бууландыруу жолу менен алынат. Виски даярдоо үчүн бууландыруучу жана ректификациялоочу ар түрдүү аппараттар колдонулат. Вискинин бардык түрлөрүнө арпанын угуту кошулат. Жетилген Вискиге химиялык таза суу, тазартылган спирт, кээде жыттуу заттар (экстракт) жана шарап аралаштырылып, керектүү сапат камсыз кылынат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖеңиш КүнүЖыл сүрүү жадыбалыАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичМанас эпосуКыргыз аттарыЖакшылыков АсанАтайын:SearchКыргызстанБоз үйКалыгул Бай уулуКош бойлуулукФразеологизмМанасАлыкул ОсмоновАйлардын кыргызча аталышыКыргыз улуттук оюндарыАтакенин ак болотуСынган кылычКыргыздын улуттук кийимдериЭкинчи дүйнөлүк согушБарпы АлыкуловЛексикографияКокон хандыгыКыргызстандын туусуКурманжан ДаткаМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыТоктогул Сатылганов«Манасчылар»Кет БукаОш облусуТоктогул ырчыУлуу Ата-Мекендик согушТүгөлбай СыдыкбековЖалал-Абад облусуРиторика.Риторика илими.Байдылда Сарногоев