Варшава герцогдугу
Варшава герцогдугу, Варшава княздыгы — Наполеон империясынын курамындагы вассал мамлекет, Тильзит келшиминин (1807) негизинде түзүлгөн.
Пруссиядан жана Австриядан (1809) тартып алган поляк жерлери да Варшава герцогдугуна бириккен. 1812-ж. Наполеон Орусияга жортуул жасаарында Варшава герцогдугун Франция армиясы негизги база катары пайдаланган. Вена конгрессинин (1814—15) чечимине ылайык Варшава герцогдугунун территориясы Орусия, Австрия жана Пруссияга бөлүп берилген (Краков шаарынан башкасы). Краков ушул 3 өлкөнүн протектораты катары өз алдынча Краков республикасы болуп түзүлгөн.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
🔥 Top keywords: Биринчи мугалимTemplate:AdvancedSiteNotices/ajaxСынган кылычКылым карытар бир күнАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКыргызстанПублицистикаКөк асаба (роман)Башкы баракШераалы ханАк кеме (чыгарма)Кыргызстандын экологиялык көйгөйүУзак жолСоветбек БайгазиевАлыкул ОсмоновМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?ФонетикаПедагогикаҮнсүз тыбыштарТөлөгөн КасымбековАтайын:SearchЭссеЖыл сүрүү жадыбалыҮндүү тыбыштарЛирикаКокон хандыгыКыргыз тилинин жазуу эрежелериКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыСөз айкашыФразеологизмСөз түркүмүАйлардын кыргызча аталышыМанас эпосуБектурсун АлымовКыргызстандын географиясыКыргыз аттарыПолот ханСынган кылыч романындагы тарыхый фактыларКыргызстандын Россияга каратылышы