Ван Гон
Ван Гон (877-943) - Кореядагы Корё мамлекетинин (918-943) алгачкы башкаруучусу (ван), династиянын негиздөөчүсү. Алгач Кореядагы Тхэбон мамлекетинин башкаруучусу Кун Енин вассалы болгон. Тхэбон жана Хупэкче мамлекеттеринин ортосундагы согуш учурунда абалын бекемдегенге жетишип, 918-жылы Кун Ени бийликтен алып, өзүн Тхэбондун башкаруучусу деп жарыялап, мамлекетти Корё деп атаган. 935-жылы Силла мамлекетинин акыркы падышасы да ага тактысын бошотуп берген. 936-жылы Ван Гон Хупэкче мамлекетин талкалап, бүткүл Кореянын башкаруучусуна айланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxКыргызстандын туусуКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКаңгүйИсхак РаззаковУсун мамлекетиЖарандык согушКурманжан ДаткаСак уруусуКокон хандыгыБарсбек каганКыргыз автономиялуу облусуМоголстанКыргыз Республикасынын президенттериХундарУлуу Ата-Мекендик согушДабан мамлекетиКыргызстандын гимниБашкы баракКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыУлуу Кыргыз ДөөлөтүМухаммед кыргызТүрк кагандыгыКыргызстан демократиялык кыймылыКыргызстандын Россияга каратылышыКыргызстандын гербиКыргыз элинин калыптанышыДаван мамлекетиСыдык уулу ОсмонаалыКыргыз Республикасынын экономикасыТаш дооруБиринчи дүйнөлүк согушКангүйКыргызстандагы таш дооруЭкинчи дүйнөлүк согушМөндүрҮркүнЭне-Сай кыргыз кагандыгы