Аңыр
Аңыр (лат. Tadorna ferruginea), кызыл өрдөк — каз сымалдар түркүмүндөгү өрдөктөр тукумунун өкүлү. Узундугу 60 смге жакын. Тулку бою куйкул сары түстө, канаттары ак, кара, узун, куйругу да кара. Түштүк Европа, Түндүк Африка жана Азияда тузсуз жана туздуу көлмө жээгинде, Орто Азияда 4500 мге чейинки бийик тоолордо таралган. Кыргызстанда уясын суудан алыс аскаларга, суур, кашкулак, түлкү ийиндерине салат. Уяга 8-12 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат. Өсүмдүк, жаныбар, ошондой эле тарпты да жейт. Күзүндө анча чоң эмес топ түзүп, Түштүк Азияга кыштоого учуп кетет.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракБалдарды коргоонун эл аралык күнүЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичМанас эпосуЭкинчи дүйнөлүк согушКош бойлуулукАтайын:SearchФонетикаБайыркы кыргыздарАлыкул ОсмоновПедагогикаКыргыз урууларыАалы ТокомбаевКыргызстандын чек араларыКыргыз автономиялуу облусуКасым ТыныстановМухаммед пайгамбарКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстанЭмчектеги балаЫсык-КөлКыргызстандын географиясыЖугуштуу ооруларАйлардын кыргызча аталышыЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКыргыз балдар адабиятыТөрөтАтайын:RecentChangesЖалал-Абад облусуКокон хандыгыКайра курууБөйрөк оорусуСынган кылычИсхак РаззаковУлуу Кыргыз ДөөлөтүКыргыз элинин калыптанышы