Афина (мифологияда)
Афина (мифологияда) Афина Паллада - байыркы грек мифологиясындагы акылмандык жана адилет согуштун пири. Миф боюнча Афина туулга, соотчон Зевстин башынан чыккан. Ал Афины шаарынын колдоочусу катары эсептелген жана анын урматына Панафиней майрамы өткөрүлүп турган. Гомердин чыгармаларында, айрыкча «Одиссеясында» анын акылдуу жана эр жүрөк Одиссейди, ошондой эле грек-ахейлерди өзгөчө колдогондугу, троялыктардын душманы катары айтылат. Анын Афины мамлекетинин акылман пири экендиги Эсхилдин «Эвмениддер» трагедиясында чагылдырылган. Римдиктер Афинаны Минерва деп аташкан.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичЖыл сүрүү жадыбалыКыргызстанКыргыз тилинин жазуу эрежелериМанас эпосуАтайын:SearchКокон хандыгыКош бойлуулукКыргыз аттарыАлыкул ОсмоновМанасКеңеш ЖусуповТоктогул СатылгановЫсык-КөлКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиКурманжан ДаткаУлуу Кыргыз ДөөлөтүКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЭкинчи дүйнөлүк согушПедагогикаЭгемберди ЭрматовФонетикаКыргыз автономиялуу облусуКазакстанБаткен облусуКыргыз урууларыИнтернетЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыСөз айкашыТүрк кагандыгыОш облусуУлуу Ата-Мекендик согушЭтишЖалал-Абад облусуМухаммед пайгамбарБоз үйАк кеме (чыгарма)