Аквамарин
Аквамарин - (латынча aqua marina - деңиз суусу) минерал, бериллдин бир түрү. Көгүлтүр, көгүш-жашыл жана башка түстөгү тунук кристаллдар түрүндөгү кымбат баалуу асылташ. Өңү Fe2+ Fe3+ кошундууларына байланыштуу. Аквамарин узун призмалык кристаллдарды пайда кылып, кээде өтө чоң өлчөмгө жана массага жетет (Бразилияда 110,5 кгдагы табылган). Сапаттуу аквамарин пегматит жана грейзен кендеринен алынат. Көгүлтүр түстөгү Аден саргыч жашыл берилл кристаллын алууга болот жана зергерлик буюмдарды боёодо, жасоодо колдонулат. Бразилия, Пакистан, Мадагаскар, Россия (Урал, Забайкалье), Украинада ири кендери бар. Кыргызстанда Талас кырка тоосунда (Күмүштаг) ж. б. жерлерде табылган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыЖеңиш КүнүМанас эпосуКыргызстанАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКош бойлуулукКыргыз урууларыАтайын:SearchЭкинчи дүйнөлүк согушПедагогикаУлуу Ата-Мекендик согушАлыкул ОсмоновБоз үйHTMLМухаммед пайгамбарКыргыз тилинин жазуу эрежелериМанасФразеологизмКыргызстандын КонституциясыЫсык-Көл облусуКалыгул Бай уулуИсламОрусияТөрөтЫсык-КөлАйлардын кыргызча аталышыБиогеоценозКурманжан ДаткаКыргыз улуттук оюндарыУлуу Кыргыз ДөөлөтүБарсбек каганКонституцияКокон хандыгыТоголок МолдоКыргыз автономиялуу облусуЛексикография