Айры куйруктар
Айры куйруктар (Milvus) - жырткыч куштардын карчыгалар уруусу. Узундугу 70 смге чейин. Куйругу кыска, учунун ортосу оюк (аты ушундан); 2 түрү бар, алар Евразия, Африка жана Австралияда кездешет; Кыргызстанда тоолордо жана өрөөндөрдө таралган. Тарп жана майда кемирүүчүлөр, куштар, кескелдириктер менен азыктанат. Жаратылышты тарптардан тазалоочу куш. Айры куйруктун чоң топтору жазында жана күзүндө учуп өтүшөт. Уясын токойлуу тоодогу бийик дарактарга же аскаларга салат. 2-3 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичБалдарды коргоонун эл аралык күнүМанас эпосуЖыл сүрүү жадыбалыАлыкул ОсмоновКыргыз аттарыФонетикаПедагогикаАтайын:SearchЖамийла (повесть)Түгөлбай СыдыкбековКыргызстанКыргызстандын чек араларыМанасКыргызстандын географиясыЭкинчи дүйнөлүк согушКокон хандыгыКош бойлуулукСынган кылычҮнсүз тыбыштарСоветбек БайгазиевСөз айкашыМамилеСөөк системасыИсхак РаззаковПсихологияЗат атоочБоз үйКылым карытар бир күнКыргыз тилинин жазуу эрежелериЖалал-Абад облусуКатегория:Африка этносторуУлуу Ата-Мекендик согушМорфологияМухаммед пайгамбарАбдыкерим СыдыковКурманжан Датка