Азоттуу суулар
Азоттуу суулар - курамындагы газдардын негизин азот газы түзгөн табигый суулар. Сейрек кездешүүчү бул сууларда көбүнчө аргон, гелий, неон, криптон, ксенон ж. б. инерттүү газдар да кездешет. Кыргызстандагы минералдуу суулардын басымдуу тобун азоттуу суулар түзөт жана алардын катарына Жалал-Абад, Ысык-Ата, Жыргалаң, Ак-Суу (Теплоключенка), Сары-Жаз, Аламүдүн, Алтын-Арашан булактары, Чоң-Кызыл-Суу, Көкө-Мерен, Ысык-Көлдөгү бургулоо көзөнөктөрү менен чыккан минералдуу суулар кирет. Алардын курамындагы газдарда азот басымдуулук кылат (75-95%). Азоттуу суулар гранит, гранодиорит, гнейстер ж. б. тоотектер аркылуу сарыкканда пайда болот.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыЖеңиш КүнүМанас эпосуКыргызстанАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКош бойлуулукКыргыз урууларыАтайын:SearchЭкинчи дүйнөлүк согушПедагогикаУлуу Ата-Мекендик согушАлыкул ОсмоновБоз үйHTMLМухаммед пайгамбарКыргыз тилинин жазуу эрежелериМанасФразеологизмКыргызстандын КонституциясыЫсык-Көл облусуКалыгул Бай уулуИсламОрусияТөрөтЫсык-КөлАйлардын кыргызча аталышыБиогеоценозКурманжан ДаткаКыргыз улуттук оюндарыУлуу Кыргыз ДөөлөтүБарсбек каганКонституцияКокон хандыгыТоголок МолдоКыргыз автономиялуу облусуЛексикография