Авокадо
Авокадо (Persea americano) - лавр тукумундагы дайыма жашыл, мөмөлүү дарак. Бийиктиги 10-20 мге чейин. Топгүлү агыш, кош жыныстуу. Мөмөсү алмурутка окшош, салмагы 250600 г, бир уруктуу. Өңү кочкулжашыл же каралжын. Дүйнө жүзүндө 10го жакын түрү бар. Мексика, Индия жана Гватемалада кеңири таралган. Эгилме түрү тропик жана субтропикте өстүрүлөт. Бир түп дарактан 150-200 кг түшүм алынат. Мөмөсүндө май, протеин, күл заттары, суу жана башка бар, кант жокко эсе. Авокадо Кавказдын Кара деңиз жээктеринде өстүрүлөт.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыЖеңиш КүнүМанас эпосуКыргызстанАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКош бойлуулукКыргыз урууларыАтайын:SearchЭкинчи дүйнөлүк согушПедагогикаУлуу Ата-Мекендик согушАлыкул ОсмоновБоз үйHTMLМухаммед пайгамбарКыргыз тилинин жазуу эрежелериМанасФразеологизмКыргызстандын КонституциясыЫсык-Көл облусуКалыгул Бай уулуИсламОрусияТөрөтЫсык-КөлАйлардын кыргызча аталышыБиогеоценозКурманжан ДаткаКыргыз улуттук оюндарыУлуу Кыргыз ДөөлөтүБарсбек каганКонституцияКокон хандыгыТоголок МолдоКыргыз автономиялуу облусуЛексикография