Асцит
Асцит (гр. askos - суюктук) - ар кандай оорулардын кесепетинен ич көңдөйүнө суюктуктун толушу. Ал көбөйгөндө ич көөп, көлөмү чоңоюп, териси жукарып, кеңейген вена кан тамырын көрүүгө болот. Ичтеги суюктук 30 лге чейин жетиши мүмкүн, ал дененин кыймылына жараша которулуп турат. Асцит жүрөк оорусунда, жалпы кан айлануунун бузулушунан же башка оорулардын таасиринен ич көңдөйүндө кандын жүрүшү токтоп же солгундаганда пайда болот. Аны дарылоо негизги ооруга карата жүргүзүлөт. Ичте суюктук көбөйүп кеткенде, оорулуунун абалын жеңилдетүү максатында заара айдама дарылар берилет, кээде ич көңдөйүн тешип суюктук чыгарылат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖеңиш КүнүЖыл сүрүү жадыбалыАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичМанас эпосуКыргыз аттарыЖакшылыков АсанАтайын:SearchКыргызстанБоз үйКалыгул Бай уулуКош бойлуулукФразеологизмМанасАлыкул ОсмоновАйлардын кыргызча аталышыКыргыз улуттук оюндарыАтакенин ак болотуСынган кылычКыргыздын улуттук кийимдериЭкинчи дүйнөлүк согушБарпы АлыкуловЛексикографияКокон хандыгыКыргызстандын туусуКурманжан ДаткаМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыТоктогул Сатылганов«Манасчылар»Кет БукаОш облусуТоктогул ырчыУлуу Ата-Мекендик согушТүгөлбай СыдыкбековЖалал-Абад облусуРиторика.Риторика илими.Байдылда Сарногоев