Сүйүү
Сүйүү – сезимдин жана эрктин башка инсанга багытталышы; сүйүктүү предметке «өзүн берүү» жана ошол эле учурда аны «өзүнүкү» кылуу, эмоциялык чекте аны менен «биригип кетүү» муктаждыгы менен коштолуучу адамзаттык жалпылык же идея.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/3/3a/1873_Pierre_Auguste_Cot_-_Spring.jpg/220px-1873_Pierre_Auguste_Cot_-_Spring.jpg)
Сүйүүгө берилгендиктин этикалык талаптарында түзүлүүчү туруктуулукка умтулууну өзүнө камтышы керек. Сүйүү эң эле эркин жана ошончолук «алдын ала болжолдонбогон» жеке адамдын ички жан дүйнөсүн туюнтуу катары келип чыгат; аны мажбурлап чакырууга да, жеңип чыгууга да болбойт. Сүйүү кубулушунун маанилүүлүгү жана татаалдыгы анын фокусунда биологиялык жана рухий, жекелик жана социалдык, интимдик жана жалпы маанидеги карама-каршылыктардын кесилишкендиги менен аныкталат.
Сүйүү түшүнүгүндө так жана жалгыз бир туура аныктама жок, анткени махабатты түрдүү окуулар ар кандай талкуулашат. Мисалы:
- Динде — садага чалуу (өзүн же башка нерсени), чыдамдуулук, кечиримдүүлүк;
- Философияда — адамдар ортосундагы өз ара мамилелердин эң жогорку баскычы;
- Илимде — психикага таасирин тийгизүүчү, физика-химиялык процесстер жана абалдар;
- Психологияда — Социализация көрүнүшү, укум-тукум улантууга умтулуу;
- Социумда — Үй-бүлөдөгү бириктирүүчү бөлүм;
- Искусстводо — чыгармачылыктагы эргүүнүн, стимулдун, түрткүнүн бирден кубаттуу булагы;
- Эзотерикада — Жогоркү күчтөр тарабынан алдын-ала аныкталган энергетикалык байланыш.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
- https://tyup.net/page/sujuu-degen-emne-bilip-al
- Сүйүү site bigosext.com