Асцит
Асцит (гр. askos - суюктук) - ар кандай оорулардын кесепетинен ич көңдөйүнө суюктуктун толушу. Ал көбөйгөндө ич көөп, көлөмү чоңоюп, териси жукарып, кеңейген вена кан тамырын көрүүгө болот. Ичтеги суюктук 30 лге чейин жетиши мүмкүн, ал дененин кыймылына жараша которулуп турат. Асцит жүрөк оорусунда, жалпы кан айлануунун бузулушунан же башка оорулардын таасиринен ич көңдөйүндө кандын жүрүшү токтоп же солгундаганда пайда болот. Аны дарылоо негизги ооруга карата жүргүзүлөт. Ичте суюктук көбөйүп кеткенде, оорулуунун абалын жеңилдетүү максатында заара айдама дарылар берилет, кээде ич көңдөйүн тешип суюктук чыгарылат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБишкек чебиКокон хандыгыКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКитепАбдырахман Кучак уулуКыргыз автономиялуу облусуКубатбек ЖусубалиевКыргызстандын Россияга каратылышыБашкы баракАлыкул ОсмоновКыргызстанКожожашКитептин тарыхыМанас эпосуАтайын:SearchСалыкЦин империясыЖакшылыков АсанТоктогул СатылгановКачыбек Шералы уулуИбраев, ЭсенгулАт атоочКазат АкматовЧүй кыргыздарынын Россиянын курамына бириктирилишиЖеңиш КүнүМидин АлыбаевКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуЫсык-КөлЭтишЖаратылышЫсык-Көл облусуОш облусуИнтернетТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүБаткен облусу